Мыйзам менен корголгон жеке маалыматтарды ачыкка чыгаруу адам укуктарын бузуу болуп саналат.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаарында жүргүзгөн рейдинин жүрүшүндө 70 кыз/ аял кармалды.
УКМК уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча иштердин алкагында кылмыштуу ишмердүүлүктү колдоого багытталган каржылоо булактарын жоюу жана акча агымын азайтуу максатында интимдик кызмат көрсөткөн жайларды аныктап, алардын ишмердигине бөгөт койду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
«Ал жайлардын уюштуруучулары жана ээлери, ошондой эле өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 18 жаштан 30 жашка чейинки 70 кыз-келин кармалды. Алардын арасында борбордогу окуу жайлардын студенттери да бар. Тинтүү учурунда бул мекемелердин ишинин мүнөзүн ачык көрсөткөн интимдик мүнөздөгү ар кандай буюмдар табылган», — деп айтылат маалыматта.
УКМК мындай мыйзамсыз иштерди уюштурууга же жасоону көздөп жүргөн адамдарга профилактикалык таасир көрсөтүү, ошондой эле бөгөт коюу чарасы катары кармалган ээлеринин жана анда иштеген кыздардын сүрөттөрүн жарыялай турганын билдирди.
Бирок укук коргоочулар секс-кызматкерлерге карата мындай мамиле мыйзамсыз экенин белгилешүүдө. Алар кармалган аялдар жабырлануучу же күбө катары гана колдонулушу мүмкүн экенин, анткени КР мыйзамы боюнча сойкулук кылмыш иши болуп эсептелбестен, бул ишти уюштуруу жана тартуу мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартыларын түшүндүрүшөт.