25 окт 2022
Кыргызстан, Бишкек шаары
БасынтууДенеге байланышсыз

СОГИ активистов несет риски для их безопасности
Өзүнүн укук коргоочу ишмердүүлүгүнөн улам өзгөчө коркунучка кабылган активисттердин ишмердүүлүгүн: инсандыгын ачыкка чыгаруу, шантаж, куугунтуктоо, жеке жашоого болгон укукту бузуу жана мажбурлап эмиграция коштоодо.
БӨУда иштеген, чет элдик адис,  ЛГБТ+ - активисти (коопсуздугу үчүн аты аталбады), Бишкекте өзүн укук коргоо органдарынын кызматкери катары тааныткан адамдар тарабынан шантажга кабылган.
Алар ага анын башка эркек менен болгон интимдик видеодон скриншотун көрсөтүшкөн.
«Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү» ал активистке кызматташууга жана анын коллегалары жөнүндө каалаган маалыматтарды берип туруусун талап кылышкан. Эгерде ал баш тарта турган болсо ошол видеону анын тааныштарына, тууган-туушкандарына жана бүткүл өлкөгө жайылтаарын айтып, коркутушкан.
Куугунтуктан кооптонгон шантаждын курмандыгы Кыргызстандан чыгып кетүүгө мажбур болгон. Бир нече айдан соң кайра кайтканга аракет кылганда ага мүмкүнчүлүк болгон эмес. Чек ара пунктунда ага кирүүгө тыюу салынган документти көрсөтүшкөн. Документ УКМК (КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети) тарабынан кол коюлуптур.
Жабырлануучу шантаж жана кысымдан тышкары, жер которуу эркиндигинен да чектелген.
КР Конституциясынын 29-беренесинде ар бир адамдын «жеке жашоосунун кол тийбестигин»  кепилдендирилсе да активисттин укугу бузулган. Ал гана эмес, ал анын сексуалдык ориентациясын эсепке алуу менен, жарандык жана укук коргоочу ишмердиги да бузулган.  
СОГИ (эскертүү: сексуалдык ориентация жана гендердик иденттүүлүк) жана жеке жашоого байланыштуу маалыматтарды ачыкка жайган дагы бир окуя – Кыргыз Республикасынын ЛГБТ+ уюму – «КыргызИндиго» жөнүндө сөз болгон бир видеонун  коомчулукка жарыялангандыгы.
Видеодо информация жана кызматкерлердин жеке маалыматтары, даректери жана алардын сүрөттөрү бар болчу.
Кызрыгзстандык укук коргоочулар мурда да адамдардын жеке маалыматтары жалпы коомчулукка жайылгандыгын жана өмүргө коркунуч алып келгендигин катташкан.
Активисттер мындан башка, Кыргызстандагы 2020-жылы парламенттик шайлоодо интернетке эки эркектин жашыруун камерага тартылган видеосу жарыяланып кеткен.
Видеодо алардын аты-жөнү, сексуалдык ориентациясы, окуган жана иштеген жери жарыяланган. Басынтуунун курмандыктары мындай чагымчыл видеонун жарыяланышы өздөрүн «укук коргоо органдарынын өкүлдөрү» деп тааныштырган адамдар тарабынан шантажга кабылган соң болгонун билдиришкен. Курмандыктардын айтуусу боюнча, алардан ЛГБТ+ - активисттер жана укук коргоочулар жөнүндө маалыматтарды талап кылышкан.
«Акыркы жылдары ЛГБТ+ - активисттерди саясий максаттарда өтө көп колдонушууда жана алардын жеке жашоосу жалпыга маалым болууда,- дейт КР Теңдик үчүн Коалициянын өкүлү Надира Масюмова. – бирок, мамлекет бул окуяларга такыр көңүл бурбайт». Кейстерди анализдеп жатып Масюмова «мындай иштерге мамлекеттик кызматкерлердин катышууда деген кооптонуу бар» деп баса белгилейт.
ЛГБТ+ коомчулугунун дагы башка бөлүгү болгон транс* адамдар жада калса ЖМКнын да бутасы  болууда. Трансгендер адам – бул төрөлгөндө ыйгарылган гендердик иденттүүлүгү дал келбеген эркек же аялзаты. Мисалга, эгерде адам төрөлгөндө аны документтерде ялзатына тийиштүү деп жазып, аны кыз катары чоңойтуп  жана тарбиялаганы менен ал өзүн эркек катары сезип жана коомго да эркек катары аралашкысы келет.
Транс* адамдарды барларда, көчөлөрдө кармап алып, видеого тартып, анын жеке маалыматтарын элге жарыялаган бир нече окуялар катталган.  Ошону менен катар көчөлөрдө аларга кол салуулар да болгон.  
Активисттердин маалыматы боюнча бир гана окуя ЛГБТ+ адамдар үчүн маанай көтөрчү болгон.
Транс* аял ага карата жек көрүү менен жеке маалыматын элге жайган ЖМКга карата ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо иши боюнча сотто жеңип чыккан. Сот ага ЖМКны 10 000 кыргыз сом  (115$) көлөмүндөгү кенемтени төлөп берүүсүн дайындаган. Ошого карабастан, коопсуздукка байланыштуу маселелердин айынан ал Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болду. 
Макала «Азчылыктардын жана маргиналдашкан  топтордун укугу жөнүндө медиа-контентке үйрөтүү жана жасоо аркылуу медиа-эркиндикти, көп түрдүүлүктү жайылтуу»  долбоорунун алкагында,  Canada Fund for Local Initiativeнин (CFLI) колдоосунда даярдалды.
Жарыяланган датасы:
25 окт 2022
Окуянын түрү:
БасынтууДенеге байланышсыз
Окуянын мүнөзү:
  • каралоо
  • кастык тили жана ачык басынтуу
  • кирүү же чыгууга тыюу
  • уруксатсыз угуу жана аңдуу
  • адамдын жекелигин ачыктоо
  • мажбур болгондуктан эмиграция
Окуянын датасы:
15 март 2022
Жабыр тарткандардын саны:
5
Бул сайт Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен даярдалды. Бул сайтта болгон басылманын мазмуну Борбор Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана Mедиатехнологиялар мектебинин жоопкерчилигинде болуп саналат жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.
Бул веб-сайтта жарыяланган бардык материалдар автордук укук менен корголгон. Кайра басуу үчүн булакты көрсөтүү жана mapincidents.kg сайтына шилтеме кылуу керек
2013 - 2024 © Тынчтыкты орнотуу мектеби
Privacy policy