Купуялуулук саясаты

Mapincidents.kg вебсайты бул ресурста жыйнала турган жеке мүнөздөгү маалыматтардын (аты-жөнү, электрондук дарек, эмне менен алектенгени, курагы ж.б.) купуялуулугу боюнча саясатты карманат.  

Маалыматты жыйноо

Mapincidents вебсайты бизге болгон инциденттер жөнүндө маалымат бергендердин же биздин жаңылыктарга жазылган адамдардын электрондук почтасын жыйнайт. Ошондой эле биз жеке маалыматтарды дагы жыйнашыбыз мүмкүн, мисалга эгерде биз менен байланышкандар электрондук почта аркылуу почтасынын дарегин жана эмне менен алектенээрин кошо жазса аны да каттайбыз. 
Mapincidents сиздин жеке маалыматтарыңызды сиз өз ыктыярыңыз менен берсеңиз гана жыйнайт.  Биз ал маалыматтарды  кандай шарт болсо да бул маалыматты сатпайбыз же бөлүшпөйбүз.
Ошондой эле сиз алдын ала макулдук бербеген болсоңуз жеке маалыматтарды элге жайбайбыз. Мыйзам талап кылганда же соттун чакыруусуна  жооп кылуу, соттук буйруктар же башка соттук процедуралар үчүн талап кылынса гана жеке маалымат берилиши мүмкүн. 
Ошондой эле өзүбүздүн колдонуучулар жөнүндө маалыматтар биздин шарттарды сактоону камсыздоо, үчүнчү тараптардын укугунун бузулгандыгы жөнүндө арызды кароо, ошондой эле биздин укуктарды, менчигибизди же кызматкерлерибиз менен коомчулуктун коопсуздугун коргоо үчүн маалыматтарды беришибиз абзел.  

Көз салуу жана cookie файлдар

Биздин  сайт кандай колдонуп жаткандыгын аңдоо үчүн Mapincidents сайтка кирүүчүлөрдүн жеке эмес маалыматтарын [IP-адрестерди жана  каттоо маалыматтарын] жыйнайт. Ошондуктан Mapincidents.kg колдонуучунун компьютеринин браузеринде «cookie» деген сымал файлдарды же чакан файлдарды жайгаштырышы мүмкүн. Бул  «cookie» файлдар аны кайра каттап отурбаш үчүн колдонуучуга  уникалдуу номер берип, маалыматтарды сактаганга мүмкүндүк түзөт.  «Cookie» файлдар эч качан башкаларга маалыматты ачпайт.  

Коопсуздук 

Mapincidents бул сайтка сунушталган маалыматтардын ички процессинин иштелип чыгуусуна көзөмөл жүргүзөт. Ал жерде бардык керектелчү функциялар «cookie» саясаты да колдонууга киргизилген. Колдонуучу биздин сайт маалымат жыйноо үчүн «cookie» файлдарын колдонгон учурда маалымат алат. 
Колдонуучулар өзү жөнүндө маалыматтарын каалаган маалда өчүртүп салуусун талап кыла алышат. 
Бул сайт Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен даярдалды. Бул сайтта болгон басылманын мазмуну Борбор Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана Mедиатехнологиялар мектебинин жоопкерчилигинде болуп саналат жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.
Бул веб-сайтта жарыяланган бардык материалдар автордук укук менен корголгон. Кайра басуу үчүн булакты көрсөтүү жана mapincidents.kg сайтына шилтеме кылуу керек
2013 - 2024 © Тынчтыкты орнотуу мектеби
Privacy policy