27 дек 2022
Кыргызстан, Бишкек шаары
Басынтуу

Транс*люди дискриминируются при получении документов
Гендердик белгини алмаштыруу көптөгөн проблемалар менен коштолууда – атайын мыйзам нормаларынын жоктугунан жана документтерди тууралоо үчүн керектүү процедураларга – грансгендердик жарандардын укуктарын бузууга чейин.
Транс* гендер адамдар Кыргызстанда жарандык абалды каттоо актысына (ЖАКА) кайрылганда алар бүгүнкү күнгө чейин гендердик белгисин алмаштыруу боюнча катташпай, дагы эле баш тартышууда.
Бул 2020-жылдагы, кыргызстандык трансгендерлер үчүн гендердик маркерди алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн тыйган мыйзамды кабыл алгандыкка байланыштуу.
Мурдагы – 2015-жылдагы мыйзам буга уруксат берген эле.
Трансгендер адамдардын документин алмаштыруу – алардын социалдык-экономикалык жыргалчылык укугу, ишке жана билим алууга мүмкүнчүлүк берген социалдык адаптациянын негизги этаптарынын бири.
Бирок, трансгендер адамдардын укугун бузуу бир гана КРнын «Жарандык абалдын акттары жөнүндө» мыйзамынын чектөөсүнүн айынан гана эмес, Персоналдык идентификациялык номерди (ПИН) алмаштыруу процедурасынын жоктугунан дейт КыргызИндиго укук коргоочу уюмунда.  
2018-жылы транс* эркек мурдагы мыйзам иштеп турганда мамлекеттин ички паспортунда өзүнүн жыныстык белгисин – аялдан эркекке алмаштырган эле. Ал эми 2022-жылы ал чет мамлекетке чыгуу үчүн паспорт алмаштыргысы келип, документтерди тапшырганда ал эски жыныстык маркери бар паспорт алган, анда жынысы “аял” деп жазылыптыр.
Мындай карама-каршылык – маалыматтык базада “аял” катары катталган ПИН болгон үчүн ага автоматтык түрдө “эски” гендерди ыйгарган. Ал ПИНди алмаштырганга азырынча мүмкүнчүлүк жок.
ПИН  - 14 сандуу код, анда биринчи цифра – төрөлгөндө ыйгарылган жынысын билдирет (1 – аял, 2 – эркек). Бардык ПИНдер Мамлекеттик электрондук маалымат базасында болот да, паспорт жана башка документтерди берээрде колдонулат.
Бул номерлер жарандарга ЖАКА мамлекеттик органдар тарабынан бир жолу гана ыйгарылат жана өмүр бою өзгөрүүсүз сакталат.
КРда теңчилик үчүн Коалициянын консультанты Надира Масюмова гендердик белгисин өзгөрткөн, ал эми жеке номери мурдагы бойдон калган транс*адамдардын укуктары боюнча башка да терс кесепеттери жөнүндө билдирген.
«Бул жарандар банкалык эсеп да ача алышпайт, себеби алар атайын электрондук форманы толтурганда кайрылган транс*адам банктын жалпы базасында башка жыныстуу жаран катары көрсөткөн ПИН-код менен чыга келет»,- дейт ал.
Транс*эркектин башка да укугунун бузулуусу – ага COVID-19  эмдөөсү жөнүндө сертификатты берүүдө туура эмес гендердик белги менен катталган.
Дагы бир транс*аялга мамлекет гендердик белгисин алмаштырууга такыр эле тыюу салган, бирок ага чейин юридикалык тараптан мунун баары жасалган болчу. Ал 2019-жылы гендердик белгисин аял деп өзгөрткөн, бирок анын паспорту жоголуптур. 2021-жылы ал документтерди берүү менен алектенген Калкты тейлөө борборуна кайрылат. Алар ага: “Жоголгон паспортту кайра калыбына келтирээрин, бирок эркек деген жыныс менен” – дешкен.  
Надира Масюмова бул абалга токтолуп жатып, мамлекет транс*гендерлердин керектөөсүн жана укуктарын эсепке алгысы келбегендигине, бюрократиянын күчтүүлүгүнө жана коомдогу гомофобиянын деңгээлинин жогору экендигине ишарат кылган. Укук коргоочу Кыргызстанда азырынча транс*адамдардын документин өзгөртүү процедураларын жеңилдетүүчү мыйзамды кабыл алуунун келечеги жок деп эсептейт.  
«Татаал нерселер өтө көп» - деген бүтүм чыгарды ал.
Макала «Азчылыктардын жана маргиналдашкан  топтордун укугу жөнүндө медиа-контентке үйрөтүү жана жасоо аркылуу медиа-эркиндикти, көп түрдүүлүктү жайылтуу»  долбоорунун алкагында,  Canada Fund for Local Initiative (CFLI) колдоосунда даярдалды.
Жарыяланган датасы:
27 дек 2022
Окуянын түрү:
Басынтуу
Окуянын мүнөзү:
  • тике
Окуянын датасы:
07 июнь 2022
Жабыр тарткандардын саны:
3
Бул сайт Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен даярдалды. Бул сайтта болгон басылманын мазмуну Борбор Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана Mедиатехнологиялар мектебинин жоопкерчилигинде болуп саналат жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.
Бул веб-сайтта жарыяланган бардык материалдар автордук укук менен корголгон. Кайра басуу үчүн булакты көрсөтүү жана mapincidents.kg сайтына шилтеме кылуу керек
2013 - 2024 © Тынчтыкты орнотуу мектеби
Privacy policy